Шашылыш билдирүү! Күн сууктап, кар жаайт

Автор -

Кыргызстанда 4-5-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми 5-6-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу болору айтылат.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12 градус, тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 2…7 градус жылуу болот.

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1 сууктан…4 градуска чейин жылыйт. Тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5 градус суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6 суук болушу күтүлөт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы жана бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар көчкү түшүү ыктымалдыгы жаралат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү