Москвада жардам сурап билдирүү тараткан кыргыз кыз аман-эсен табылды

Автор -

Москвада бирөөлөр кармап кетип, камап койгонун айтып ыйлап аудио жазуу тараткан кыргыз кыз аман-эсен табылды. Бул туурасында бүгүн, 31-октябрда «КР мигранттарын колдоо» уюмунун жетекчиси Тимур Саралаев билдирди.

Анын айтымында, Таңзада аттуу кыз «кечээ күнү мени бирөөлөр алдап алып кетип, камап коюшту, алып кеткиле мени, даректи билбейм, суу эле берип жатат» деп ыйлап аудио билдирүү жөнөткөн.

«Ал аудио билдирүү заматта бүт тайпаларга тарап, 3 күндөн бери дайынсыз деп кыргыздын Москвасы чуулдап эле жатып калды, чурулдаганыбыз элчи Аликбек Жекшенкуловго чейин жетип, ал киши дароо бул ишти өз көзөмөлүнө алып, андан соң Москва шаарынын ИИМ начальнигине чейин айтылып, акыры издөө башталган. Соц.тармактардын күчү керемет демекчи, Москвадагы бир чоң дүкөндөрдүн биринде камалбай-боздобой эле, койкоюп жүргөн бул карындашты биздин мекендешибиз таанып калып, коңгуроо кагып, элди чакырып, кетирбей аны кармап калды. Тирүү, аман-эсенине бир чети сүйүндүм, а бирок калп айтыштын кереги бар беле миңдеген адамдарды дүрбөлөңгө салып, «ложный тревога» кылып? Полковник Аскат Алиевден баштап, далай начальниктер баш чайкашты го кыздын кылыктарына… Көрсө, бир караңгы подвалда камалып олтурбай эле, жакшынакай бойдон ар кайсы жерде тентип жүрүптүр»,
-дейт Тимур Саралаев.

Ал чоң шаарда чоң азгырыктар көп болорун айтып, кыздарды көзөмөлгө ала жүрүүгө чакырды.

Бөлүшүү