Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Автор -

Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Ал 76 килограмм категориялык салмакта күрөшүп, биринчи италиялык Энрика Риналдини, канадалык Грейслин Дуганды жеңип, жарым финал япониялык Юке Кагамиден жеңилип калды. Үчүнчү орун үчүн болгон күрөштө Айпери монголиялык Ариунжаргал Ганбатты жеңди.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Венгриянын борбору Будапеште өтүүдө. Ага 23 жашка чейинки спортчулар катышууда. Буга чейин балбан Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча алтын медаль тагынган.