Тажик чек арачылары кармап алган кыргыз жараны кайтарылды. Аны катуу сабашкан

Автор -

24-октябрда Тажикстандын базарына кетип, дайынсыз болуп жаткан Асылбек Каримов үй-бүлөсүнө кайтарылды.

Бул тууралуу Асылбек Каримовдун иниси Нуртилек Каримов Super.kg порталына билдирген. Анын айтымында, агасын тажик тарап катуу кыйнаган.

[ads-quote-center cite=’ — деди иниси Нуртилек.’]«Агам Асылбек Каримов 31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү саат 2:00дө бизге кайтарылды. Бирок абалы жакшы эмес. Тажик тарап агамды катуу кыйнап, сабашкан. Агамдын айтканын айтып жеткире албайм. Анткени аны токко коюп катуу кыйноого алышкан. Буга чейин ар шылтоону айтып, агамды чыгарбай жатышканынын дагы себебин түшүндүк. Анткени алар агамды катуу сабаган себептен көрсөтпөй жаткан экен»,[/ads-quote-center]