Өзбекстандагы суу сактагычтан кыргыз жаранынын сөөгү табылды

Автор -

Өзбекстандын Андижан облусундагы суу сактагычтан кыргыз жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин гезити жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 28-октябрда Андижан облусундагы Түштүк-Фергана каналындагы №1 суу сактагычтан эркек кишинин сөөгү табылган.

Иликтөөнүн жүрушүндө анын Азамат Сатибалдиев аттуу кыргыз жараны экени аныкталган. Денесин кароо учурунда көгала тактар болгон эмес.

Соттук-медициналык экспертиза маркумдун өлүмүнө «жогорку дем алуу жолдорун суюктук жаап калганы себеп болгон» деген корутунду чыгарды. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азырынча бул тууралуу маалымат бере элек. 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү