Карегине кан уюп, көзүнүн астындагы сөөгү сынып кеткен. Бишкекте 60 жаштагы аксакал балдары менен тең жигиттерден токмок жеди

Автор -
208

Кечээ, 30-октябрда Бишкекте үйлөрдүн короосун кайтарган 60 жаштагы кишини белгисиз жарандар аёосуз сабаган видео тараган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «бейбаштык» беренеси менен катталып, учурда шектүүлөрдү кармоо иш-чарасы жүрүүдө.

Учурда жабырлануучу  Каныбек Ботоканов Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатат. Ал Super.kg порталына окуяны айтып берген.

«Түнкү саат 2-3төрдө мен күзөтчү болуп иштеген үйлөрдүн короосуна балдар кирип, ичип, чегип, кобурашып отурушту. Бир азга унчукпай карап турдум. Андан соң аларга барып, «бул жактан чыгып, ары жакка отургула, бул жакта жашоочулар эс алып жатат» дедим. Алар оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп мени да сөгө башташты. Аталарындай болгон мени карап да коюшкан жок сөгө беришти. Бир кезде бирөөсүн жакадан алдым да короодон чыгарып салдым. Кетишти. Кайра жарым сааттан кийин келип, «байке кечирим сураганга келдик» дешти. Мен дагы кечирдим, рахмат балдар дегиче эле алар мени уруп киришти. Көрсө алар мени сабаганга келишкен тура. Колдон кармап, тээп, чаап салышты. Мени жанымда иштеген балдар көрүп калып, үйүмө такси чакыртып салып коюшту.

Мен өзүм ооруканага деле келбейин дегем. Көзүмдөн кан токтобой туруп алды. Азыр текшерүүдөн өтсөм көзүмдүн айланасындагы сөөктөрү сыныптыр. Дагы жакшы ичи агып түшүп калбаганына. Мен агып калды деп эле ойлоп жаттым. Мага бүгүн видеого түшүп калган баланын атасы келди. Бирок мен колу менен кылгандарын моюну менен тартышын каалайм. Мен деле жаш балдардын камалып кетишин каалабайм да. Бирок алар өздөрү себеп болушту», — деди ал.

Жабырлануучу Каныбек Ботокановдун кызы Жанна Ботоканова 60 жаштагы кишинин алсыздыгына карабай сабаган балдарды милиция кызматкерлери эртерээк табышса деген пикирде.

«Атам 7 жылдан бери күзөтчү болуп иштейт. Бирок мындай окуяга кабылган эмес. Мен укук коргоо органдарынан атама кол көтөргөн балдарды качырып жибербей табышын талап кылам. Баары мыйзам чегинде болушун да талап кылам. Себеби балдар атамдын карамагындагы жерге заара ушатып жатканда атам өз милдетин аткарып, аларды бул жактан чыгып кетүүсүн айткан. Бирок алар атамды сабап салышты. Бүгүн балдардын биринин атасы келди. Күнөөнү моюнга алып, «баламды алып келип берем, сенин көзүнчө сабайм, жада калса өлтүрүп салам» деп жатат. Бирок мен ишенбейм. Себеби эртең эле эркиндикке чыгып кетиши мүмкүн. Биз эч кандай тосмо арыз жазып бербейбиз», — деди Ботоканова.

Бөлүшүү