«Сабап, токко тарттырышты»: Тажикстанга кетип жоголгон баткендик ишкерге көрсөтүлгөн кордуктар. Видео

Автор -

24-октябрда Тажикстандын Чорку айылындагы базарга кетип, дайынсыз жоголгон баткендик 34 жаштагы ишкер Асылбек Каримов 1-ноябрда Кыргызстанга аман-эсен кайтарылды. Ал Turmush басылмасына тажиктерден кандай кордук көргөнүн айтып берди.

«24-октябрь күнү саат 11:00 чамасында Тажикстандын «Чорку» базарына азык-түлүк алганы баргам. Айылда мен бир туугандарым менен иштеткен дүкөн бар. Картошка, пияз керек болсо «Чорку» базарына барып, бааларын көрүп, анан тажикстандык сатууларга канча килограмм керек экенин айтабыз. Алар үйгө чейин алып келип беришет. Айылда жумуш жок, дүкөн иштетип тиричилик кылабыз.

Базарда турсам Тажикстандын бир жараны мени сүзүп өттү. Кайра артына кайрылып келип, «эмне үчүн мени сүзөсүң?» деп атырылды. «Мен эмес, сен өзүң сүздүң го» десем жөнөкөй эле кийимчен 2 жигит мени алып кетишти. Көрсө алар милиция кызматкерлери экен. Алар мени жетелеп бара жаткан учурда иним телефон чалып калды. Сүйлөшөйүн десем телефонумду алып коюшту.

Алар мени Тажикстандын Исфара районуна алып барып, уруп башташты. Ар кандай суроолорду берип, тынымсыз урушту. Андан соң соттон мени 15 күнгө камаган чечим чыгарышты. Кечке маал башыма сүлгү жаап, үстүнөн скотч менен ороп, унаага салып алып жөнөштү. Жолдон башымды бошотууну сурансам дагы уруп, мурдум канап кетти. Дагы бир жерге алып киришти. Ал жерде 7-8 кызматкер бар экен. Алар кезектешип башымды дубалга сүздүрүп, туш келген жериме урушту. Түнкү саат 1-2 чамасында башыма дагы сүлгү жаап, скотчтоп, башка жакка алып барышты. Бутумду жип менен байлап, колума кишен салып, жерге жаткырышты. Бирөө буту менен башыма чыгып, бирөө үстөмө чыгып, колумду байлап, токко тарттырышты. Андан кийин бир топ кыргыздардын сүрөттөрүн көрсөтүп, «буларды тааныйсыңбы?» деп кыйнашты. Ыйлап, бакырып жатып тамагым бүтүп калды. Мен өлдүм окшойт деп, жашоодон үмүтүм үзүлдү. «Үйдөгүлөргө телефон чалайын, кайсы жерде экенимди айтып коеюн» десем «аларга билдиргенбиз» деп коюшту.

24-октябрда күнү-түнү уктатпай кыйнашты. Ошентип 10 күнгө жакын алардын токмогун жеп жаттым. Жер төлөгө түшүрүп, бут кийимимдин боосун чечип алып коюшту. Кийимдеримди чечип, жылаңач кылып урушту. «Силер эмне максатта уруш чыгарасыңар? Силерде кимдер лидер?» деп сурап уруп жатышты. Ачка болгондо өздөрүнөн арткан чайдан берип коюшат. Телефонумдагы Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек арасында уруш болгондо тартылган видеолорду көрүп, «сен лидерсиң» деп да кыйнашты.

31-октябрда түнкү саат 23:00 чамасында алар «доо арызым жок деп жаз» деп, орусча, тажикче, кыргызча түшүнүк кат жаздырышты. Балдарымды көрбөй калат окшойм деп үмүтүм үзүлүп жатканда кайра кетет окшойм деп сүйүндүм. Исфарадан мени бир унаага салып, Кызыл-Белдеги чек ара пунктуна алып келишти. Ал жерден жакындарым тосуп алды. Азыр буттарым, башым, денем ооруп, титиреп жатам. Бийликтегилер тажик тараптын кыргыз жигиттерин урганы боюнча чара көрүшү керек», — деди ал.