Баткен облусунда 690 миң сомдук товарды мыйзамсыз ташып бара жаткан жаран кармалды

Автор -
223

Баткен облусунда 690 миң сомдук товарды мыйзамсыз ташып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Ыкчам» бажысынын кызматкерлери тарабынан Ю.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы «РЕНО» үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп, текшерилген.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«Транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы суммасы 690 миң 50 сомдук, 6 миң 247 киллограмм эл керектөөчү товарлар табылган. Айдоочуда ташып келе жаткан товары мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документи болгон эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди», [/ads-quote-center]