Кубат Оторбаев: «Апрель» каналынын жабылышында саясат жок

Автор -

«Санарип технологиялар» компаниясынын жетекчиси Кубат Оторбаев «Апрель» телеканалынын мүдүрү Дмитрий Ложниковдун каналдын жабылышы боюнча айыптоосуна Vesti.kg аркылуу жооп берди.

Мурунку акыйкатчынын айтымында, «Апрель» каналынын эфирге чыкпай калышында эч саясат жок, болгону техникалык маселелер жаралган.

«Биздин ЖЧКга 25 канал кирет. Мени мекеменин аткаруучу директору кылып дайындашкан. «Апрель» телеканалын камакка алышканда, биз Дмитрий Ложниковдон эфирге чыга аласыңарбы деп сураганбыз. Соттун тиешелүү чечимин көрсөтүүсүн сурагам. Мындай өтүнүч менен 2-3 ирет кайрылдым. Бирок Ложников соттун чечимин көрсөткөн жок. Мындан кийин мен күч структураларына кайрылдым. Аскер прокуратурасынан «Апрель» эфирге чыга албайт деген жооп келди. «Санарип технологиялар» ЖЧКсындагы үлүшү да камакта», -деди Оторбаев.

Кубат Оторбаев бул техникалык гана маселе экенин, Дмитрий Ложников болсо, «буга саясий боек берүүгө аракет кылып жатканын» кошумчалады.

Белгилей кетсек, кечээ жакында «Апрель» телеканалынын жетекчиси каналдын эфирге чыга албай жатканына мурунку акыйкатчы, учурда «Санарип технологиялар» компаниясынын жетекчиси Кубат Оторбаевдин тиешеси бар экенин билдирген. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү