Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан 3 жашар бала жол тандабастын алдында калып каза болду. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсык 3-ноябрда саат 15:00 чамасында Орозбеков 2 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда орун алганын билдирди.
[ads-quote-center cite=’ — деди басма сөз кызматынан.’]«Тойота Секвойя үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу короодо токтоп турган унаасын артты көздөй айдаганда 3 жаштагы баланы байкабай тебелеп кеткен. Бала оор жаракат алгандыгына байланыштуу ооруканадан каза болгон. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Унаа айып аянтчасына токтотулду. Айдоочу Бишкек шаарындагы Абай көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашайт. Ал 2007-жылы айдоочулук күбөлүк алган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда»,[/ads-quote-center]