ЖАМК каза болгон жоокер тууралуу: Күтүлбөгөн жерден жыгылып түшкөн

Автор -
217

Алдын ала алынган маалыматка караганда, ЖАМКтын коргоо жана кайтаруу департаментинде аскердик милдет өтөп жаткан жоокердин өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгон. Бул тууралуу аталган мекемеге шилтеме менен 24.kg жазды.

Маалыматта мындай диагноз медицина кызматкерлери тарабынан жоокердин денесин союп көргөндөн кийин коюлганы айтылат.

[ads-quote-center cite=’ЖАМК’]«Так себептери соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен белгилүү болот. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө менен Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы алектенип жатат. Катардагы жоокер кечээ, 4-ноябрда каза болгон. 20 жаштагы Р.Б. кокустан жыгылып түшкөн, жерине келген дарыгерлер аны сактап кала алган жок. Алдын ала алынган  маалыматтарга караганда, ал ток урганга чейин эле өзүн жаман сезип, кулаган».[/ads-quote-center]

Мекемеден катардагы Р.Б. Жалал-Абад облусунан экенин, аскерге 2018-жылы чакырылганын кошумчалашты. Ал Новопокровка айылындагы №3 абакта кызмат өтөп жаткан.