Бишкекте кичи автобус айдоочусу жеңил унааны сүзүп, унаасын таштай качкан

Автор -

Бишкектин Медеров көчөсүндө кичи автобус токтоп турган жеңил унааны сүзүп алды. Бул туурасында Super.kg порталына күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 6-ноябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу департаментинин алдында болгон. Аталган департаменттен билдиришкендей, сүзүлгөн жеңил унаа М.А. аттуу майорго таандык болгон. Ал унаасын түнкү саат үч чамасында жумушунун алдына токтоткон.

«Эртең менен болжол менен саат алтыда күзөттө турган аскерлер менин унаамды сүзүп кетишкенин айтышты. Чыксам, кичи автобус менин унаамды гана эмес, жол четиндеги жол белгилерин дагы жыгып барып, өзү арыкка түшүп токтоптур. Жол кырсыгы катталган жерге 102 кызматы чакырылып, алар кичи автобусту жүктөп кетип жатыптыр»,
деди майор.

Кичи автобустун айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткендигин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

«102 аркылуу чакыруу болгон. Келсек бир жеңил унааны кичи автобус сүзүп кетиптир. Андан тышкары, жол четиндеги белгилер жарактан чыгыптыр. Кичи автобустун ичинде курулуш материалдары бар экен. Анын айдоочусу унаасын өчүргөнгө дагы жетишпей качыптыр. Жабыркагандар жок»,
дешти аталган кызматтан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Бөлүшүү