Тажик-өзбек чек арасына жакын жерде 15 согушкер жок кылынды

Автор -

Беткап кийген куралчан 20 адам тажик-өзбек чек арасында жайгашкан «Султанабад» чек ара отрядына кол салды. Бул тууралуу Сa-news билдирди.

Окуя 6-ноябрга караган түнү саат 3:23тө Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүдөн 60 чакырым аралыкта жайгашкан чек ара бекетинде болгон. Кол салгандар 5 ок атуучу куралды тартып алышкан.

Күч түзүмдөрү жүргүзгөн операциянын жыйынтыгында, кылмыштуу топтун 15 мүчөсү жок кылынып, бешөө колго түшүрүлдү. Атышуудан бир чек арачы жана бир милиция кызматкеринин өмүрү кыйылганы расмий кабарланды.

Тажик ИИМ маалыматына караганда, операция учурунда кылмыштуу топтун 4 унаасы жарактан чыгарылды. Учурда бул кандуу окуя териштирилип жатат.

Кандуу окуядан сүрөт. Ашкере сезгенчээк адамдарга көрүүгө болбойт
[свернуть]

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү