Кыргызстандык кыз таланттар сынагында калыстар тобун таң калтырды (видео)

Автор -

Саша Лим аттуу сегиз жаштагы кыргызстандык кыз Казакстанда өтүп жаткан Central Asia Got Talent сынагынын биринчи туруна катышты.

Ал заманбап музыканын коштоосунда бийлеген. Жаш өнөрпоздун видеосу таланттар сынагынын YouТube каналына жарыяланды.

Видеонун астында кыз кичинекей болсо да өлкөсүндө таанымал экендиги жазылган. Ага атактуулукту бийлери эмес, социалдык тармактарда ашпозчулук боюнча жазган блогдору алып келгени айтылат.

Жыйынтыгында калыстардын бардыгы «ооба» деп, аны кийинки турда күтөрүн билдиришкен.

Central Asia Got Talent сынагына Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандан барган өнөр адамдары катышууда. Бул сынактын биринчи сезону.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү