Мэрия шаардыктарды таштанды, жалбырак өрттөбөөгө чакырат. Укпагандар айыпка жыгылат

Автор -
Мэрия шаардыктардан мешке резина жана таштанды жакпоону суранат. Укпагандар айыпка жыгылат, деп эскертишет калаа бийлигинен.
Борбор калаадагы санитардык-экологиялык инспекция райондук акимиаттар менен бирге күн сайын шаарды кыдырып, тазалыгын көзөмөлдөп турат.
«Тилекке каршы, сууктун тушүшү менен айрым шаар тургундары мешке жана мончого резина жана ыпыр-сыпыр жагып башташты. Биз сиздерге желимден, калдыктардан жана жалбырактардан чыккан түтүн — адамдын ден соолугуна чоң зыян алып келүүчү истүү газдын булагы экенин эскертип кетебиз. Андыктан, аларды өрттөбөөнү суранабыз». 
Бишкек мэриясы
Эскерте кетсек, КР Бузуулар боюнча кодексинин 71-беренесине ылайык, таштанды жаккандарга 23 миң сомго чейинки айып пул каралган.

71-берене. Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө.

  1. Белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын жана буюмдарын таштоо, өрттөөгө:
  • физикалык жактар үчүн -5 миң 500 сом;
  • юридикалык жактар үчүн – 17 миң сом айып салынат.
2. Белгиленбеген жерлерге өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмдарды таштоо, өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөөгө: 
  • физикалык жактар үчүн -7 миң 500 сом;
  • юридикалык жактар үчүн –23 миң сом айып каралган.
«Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Бул беренелер боюнча бузууларды байкасаңыздар, бизге маалымдоону суранабыз:
Мэриянын санитардык-экологиялык кайгуулу: 0(312) 65 81 59,
сүрөт жана видео далилдерди төмөнкү WhatsApp-каналга жөнөтсө болот: 0505 888 315
Биринчи Май району: 0555 404 818;
Свердлов району: 0551 551 745;
Октябрь району: 0 707 373 373;
Ленин району: 0500 210 470».
Бишкек мэриясы

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү