Бишкекте чыккан өрттөн бир кыз каза таап, ондон ашууну жаракат алды

Автор -
@Sputnik

Бүгүн, 8-ноябрда Бишкектеги «Антошка» тез тамактануучу жайында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде  жайгашкан тез тамактануучу жай өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат ӨКМге саат 13:42де түшкөн. Жерине өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлүп, саат 14:08де жалын чектөөгө алынды. Азыркы учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тилсиз жоо бир адамдын өмүрүн алып, 12 адам жабыркаганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, каза тапкан кыз ошол жерде иштечү.

«Ал эми жабыркагандардын үчөө — жаш балдар, алар «Тез жардам» кызматы менен №3 шаардык балдар ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнөн дарыланууга жөнөтүлдү.

Тогуз адам №4 ооруканага жеткирилди. Алардын абалы тууралуу кошумча маалымат берилет», -дешти министрликтен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү