Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев азыркы учурда Москвада дарыланып жаткан Чүй облустук ИИББнын жетекчиси Самат Курманкуловго«Эрдик» медалын тапшырды. Бул тууралуу журналист Мирбек Молдакунов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Журналист ошондой эле Курманкуловдун сүрөтүн кошо жарыялаган. Белгилей кетсек, бул облустук милиция жетекчисинин кырсыктагандан кийинки алгачкы сүрөтү. Бүгүн эле Саламаттык сактоо министрлиги анын абалы жакшырып, акырындан басып, аппараттын жардамысыз сүйлөп калганын билдирген болчу.
Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алып, комага түшүп калган. Кийин аны Москвада дарылатуу чечими кабыл алынып, ал жакка которулган. Президент аны «Эрдик» медалы менен сыйлоо буйругун чыгарган.
Өкмөттөн Самат Курманкуловдун дарылануусуна байланыштуу чыгымдарды төлөөгө 1 миллион 298 миң 520 сом бөлүп берүү тапшырмасы берилген.