Алексей Федосеев кореялык атаандашын кантип жеңди? (видео)

Автор -

Инстаграмдагы Prosports_kyrgyzstan баракчасына кыргызстандык спортчу Алексей Федосеевдин Түштүк Кореядагы ММА боюнча дебюттук беттешинин видеосу жарыяланды.

Атактуу кикбоксчу Йосу шаарында өткөн Road FC 056 турниринин алкагында кореялык си Го Ги Вонду калыстардын чечими менен утуп алган. Федосеев өз стилинде кол-буттун соккуларын узаткан. Ошондой эле бир учурда атаандашын буттан чалып, көтөрүп чапканын көрүүгө болот. Спортчулар 61 килограмм салмакта кармашкан.

Федосеевди жеңишинен кийин аталган уюмдун өкүлдөрү бир нече беттеш өткөрүүгө келишим түзүүнү сунуштаганын спортчунун менеджери Айбек Мусаев Instagram баракчасы аркылуу билдирген.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү