Чала тааныш адамдын унаасын сатып жиберип, из жашырган адам Россиядан табылды. Бул туурасында ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
Шектүүнү колго түшүрүүгө кыргыз милициясына Россиянын укук коргоо органдары көмөктөшкөн. Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 34 жаштагы Б.К. аттуу жаранга мекенинде «Алдамчылык» беренеси менен иш козголуп, ал Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин тергөө органдарынан качып жүргөн.
«Аталган жаран 2017-жылдын жазында чала тааныш адамдын ишенимине кирип, «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунаасын 90 күнгө ижарага алган. Кийин үчүнчү жакка сатып жиберип, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Болжол менен жабырлануучуга 280 000 сом өлчөмүндө чыгымга учураган. Учурда изделип жаткан жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга жеткирүү маселелери чечилип жатат», -деп айтылат маалыматта.