Бишкек шаардык милициясы тергеп жаткан 20 кылмыш иштин документи жоголуп кетти

Автор -

Башкы прокуратура кылмыш иштеринин документтери жоголуп кеткен фактыны аныктады. Текшерүү учурунда Бишкек ШИИБдин бөлүмдөрү тарабынан козголгон 20 кылмыш ишинин документи жок болуп чыккан.

Башкы прокуратура түзүлгөн кырдаалды ар тараптуу ачык текшерип, бул ишке тийиштиги бар кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин «Шалаакылык» беренеси менен каттоого алынды.

Сотко чейинки тергөө амалдарын жүргүзүү УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү