Экс-президенттин уулу Сеид Атамбаев Башкы прокуратураны сотко берди

Автор -
Сүрөт: Sputnik.kg

«Автомаш-Энерго» компаниясынын жетекчиси Сеид Атамбаев өз компаниясынын кадыр-баркын, ишкердик беделин коргоо максатында Башкы прокуратуранын үстүнөн сотко арызданды. Бул туурасында КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Сөз 2019-жылдын 1-ноябрында Башкы прокуратура тараткан маалымат тууралуу болууда.

«Башкы прокуратура тараткан маалымат —  ар бир сүйлөмүндө калп камтылган, кемсинтүү-асылуулары бар дилбаянга окшоп калыптыр»,
деп жазат Султанбеков.

Эскерте кетсек, Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү 31-октябрда мурунку президенттин уулу Сеид Атамбаевге таандык «Автомаш-Энерго» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, финансылык документтерин алып кетишкен. Сеид Атамбаев муну компаниясын рейдерлик басып алуу аракеттери катары баалаган.

Башкы прокуратура 1-ноябрда бул тинтүү тууралуу түшүндүрмө берип, Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштеринин алкагында Мамлекеттик салык кызматы «Автомаш-Энерго» ЖЧКсында текшерүү өткөрүүгө тийиш экенин, компания 2015-жылдан бери салыктык текшерүүдөн өтпөй жүргөнүн маалымдаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү