Мамлекеттик каттоо кызматы Саймаити Айеркендин өлүмүнө шектүү деп кармалган адамдардын жарандыгы тууралуу билдирүү таратты.
Маалыматта Хусейн Ахметалиев менен Абдулла Энверге КР улуттук паспорттору берилбегени айтылат.
[ads-quote-center cite=’Мамлекеттик каттоо кызматы’]«Кытай жараны Саймаити Айеркендин өлүмүнө шектүү деп кармалган Хусейн Ахметалиев, Абдулла Энвер Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү маалымат базасына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары эмес жана Кыргыз Республикасынын Улуттук паспортторунун бирдиктүү реестрине ылайык, аталган жарандар Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтеширилген эмес», [/ads-quote-center]Эскерте кетсек, 10-ноябрь күнү Түркияда кытайлык ишкер Айеркен Саймаити киши колдуу болуп каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү катары 3 адам кармалып, түрк ЖМКлары алардын экөө кыргыз жарандары экенин жазып чыккан.