Тогуз жаштагы кызды зордуктап туруп, өрттөп жиберген адамга химиялык кастрация жасалат

Автор -

Казакстандын Жамбыл облусунда 9 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүп анын денесин өрттөп салган адамды сот өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, сот кылмышкерди өмүр бою камакка алуудан тышкары химиялык кастрация кылуу чечимин чыгарган.

«9 жаштагы кыз 24-апрелде мектепке кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ата-энеси укук коргоо органдарына кайрылып, эртеси кыздын өрттөлгөн жансыз денеси Каратау шаарынан табылган. Тергөө иштеринде кылмышкер аны велосипедге отургузуп алып кеткени белгилүү болгон. Бул учур видеокөзөмөлгө түшүп калган. Кыз анын велосипедине отурууга дароо эле макул болушу мүмкүн, анткени ал киши кыз жашаган үйдүн астындагы чачтарачка бат-баттан келип жүрчү жана кыз аны мурда көрүп жүргөн деген божомолдор айтылган. Соттолгон адам 6 жыл мурун да 12 жаштагы кызды зордуктоо аракетин көргөн деп кармалган. Анда анын жаман ою ишке ашкан эмес. Сот аны күнөөсүз деп таап эркиндикке чыгарган»,  деп жазылат маалыматта.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдө педофилдерге карата мыйзамдуу түрдө бычуу ыкмасын (кастрация) колдонуу боюнча мыйзамга 2016-жылы кол койгон.

Химиялык кастрация — сексуалдык зомбулуктун алдын алуу үчүн колдонулуучу медициналык ыкма. Бул бир жолу сайылуучу инъекция. Ал өз күчүн жоготпошу үчүн 1 жылда 2 жолу сайылат.

Бөлүшүү