ЖЭБ иши. Мамлекетке $111 зыян келтирилгени мыйзамсыз метод менен эсептелген

Автор -

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда, деп билдирет «Апрель».

Анда айыпталуучулар катары Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Ольга Лаврова, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдош Назаров, Темирлан Бримкуловдор өтүп жатышат.

Бүгүнкү отурумда Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин адиси Гүлсара Асанова күбө катары сурак берди.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында,  Гүлсара Асанова тергөө учурунда Бишкек ЖЭБи боюнча эсептөө жүргүзгөн. Анын эсебинин негизинде эксперттер мамлекетке 111 млн. доллар зыян келтирилген деген бүтүм чыгарышкан.

Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын мурунку жетекчиси Айбек Калиев андан эсептөө жүргузүп жатканда кайсы методиканы колдонгонун сурады.

Асанова улуттук методика жоктугуна байланыштуу, Россия Федерациясынын методикасын колдонгонун айтты. Бирок ал методика Кыргызстанда мыйзамдуу түрдө бекитилбегенин билдирди. Мындай бузууларга ал убакыттын тардыгынан барганын кошумчалады.

Кыргызстандын тарыхында буга чейин төмөндөтүүчү коэффициенттер колдонулду беле, деп сурады  А.Калиев. Асанова биринчи жолу колдонулганын билдирди.  Андан сырткары, биринчи экспертизада эсептөөдөн жаңылып калганын, ошол себептен УКМКны жана башкаларды кабардар кылбай туруп, барактарды жаңысына алмаштырып койгонун айтты.

Бөлүшүү