Мамкаттоо автоунаанын мамлекеттик номурлары аз калганын моюндады

Автор -

Мамлекеттик каттоо кызматында автоунаанын мамлекеттик номурлары чектелүү гана санда калгандыктан айрым аймактарда тартыш болуп жатат. Бирок, бул маселе 20-ноябрда чечилет. Тактап айтканда номур жасоочу темир Орусиядан келет. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматкери Адилет Бейшеналиев «Азаттык» радиосуна маалымдады.

«Номерлер бар, бирок саны аз калды. Тендердин жыйынтыгы боюнча номерге керектелүүчү темир ноябрдын жыйырмаларында келет. Андан кийин бул көйгөй чечилет. Азыр чектелүү болгондуктан айрым райондордо жетпей калып жатат»,
деди Бейшеналиев.
Ал эми жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк декабрдын башынан баштап бериле баштайт. Ага чейин айдоочуларга убактылуу документ берилип жаткан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү