Казакстанда кыргыз жараны айдап бараткан автобус кырсыкка учурады

Автор -

Казакстандагы Караганда облусунда эл ташыган автобус кырсыкка учурап, кыргызстандыктар жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК жазды.

Кырсык 11-ноябрда Акторгай районунда катталган. Маалыматка караганда, Алматы тарапка бет алган автобусту Кыргызстандын 38 жаштагы жараны башкарып бара жаткан. Салондо 15 киши болгону айтылууда.

Алдын ала билдирүүгө ылайык, жолдун тайгактыгынан айдоочу рулду башкара албай калып Volvo үлгүсүндөгү унаанын чиркегичин сүзүп алган. Кесепетинен 8 киши жабыркады. Алардын экөө кыргызстандык экени, учурда алар ооруканада жатышканы маалым болду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү