Сокулуктагы жол кырсыгында бир адам каза таап, алтоо жабыркады

Автор -

Сокулук айылында болгон жол кырсыгынан бир адам каза таап, аял 3 кызы менен жабыркады. Бул туурасында Чүй облустук ЖКККБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-ноябрга караган түнү саат 00:30 чамасында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, каршы тилкеге чыгып, BMW менен кагышкан.

Кесепетинде Mercedes-Benz айдоочусу, 27 жаштагы жаран ооруканада эсине келбей каза тапкан. Андан тышкары дагы алты адам жабыркаган. BMW унаасынын 45 жаштагы айдоочусу жана 16 жаштагы жүргүнчү ар кандай сыныктар менен райондук ооруканага жеткирилген.
BMW унаасынын 32 жаштагы жүргүнчүсү жана анын 3 кызы (2015-жылы төрөлгөн эгиз кыздар жана бир жаштагы кызы) амбулатордук жардам алышкан.

Унаа айып короого токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.