ТИМ: кыргызстандык үч студент Гонконгдон чыгып кетти

Автор -

Гонконгдо билим алып жаткан кыргызстандык 42 студенттин үчөө шаардан чыгып кетишти, калгандары жакынкы күндөрдө чыгууну пландоодо. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ал жактагы кыргызстандыктар коопсуз жайга которулган. ТИМдин тапшырмасы менен Кытайдагы элчилик менен Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдук ал жактагы мекендештерибизге керек болгон бардык жардамды берип жатат.

«Башкы консул учурда Гонконгго учуп кетти жана элчилик туристтик компаниялар менен билетти бөлүп төлөө маселесин макулдашты», — деп жазылган ТИМдин маалыматында.

Ошол эле кезде башкы дипломатиялык мекеме студенттерди тополоңго аралашпоого, өтө зарылчылык болбосо сыртка чыкпоого чакырган. Эгерде ал жактагы студенттердин окуусуна, жагдайына байланыштуу зарыл маселе болсо ушул номерлерге кайрылса болот:

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги:
Тел.: +8610-64681348
Моб.: +8618611736340 (WhatsApp, WeChat)
+8613260203680
+8613581902801

Гуанчжоу шаарындагы консулдук:
Моб.:+8613925051627;
+8618666093015.

Эске салсак, Гонконгдо бир канча айдан бери нааразычылык акциясы өтүүдө. Алгач эл көчөгө чыгып экстрадициялоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы экенин билдиришкен. Бирок, бийлик аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүүдөн баш тартса деле, нааразы болгондор шаарда башаламандык уюштуруп жатышат.

Буга чейин Гонконгдо окуган студенттердин ата-энелери президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, балдарын Кыргызстанга алып келүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Алар башка өлкөлөр Кытайда окуп жаткан студенттерин тездетилген тартипте алып чыгып кетип жатышканын айтып, Кыргызстандын ТИМи эч чара көрбөй жатканын билдиришкен.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү