«Каникулда акча таап алайын деген». Ошто окуучу бала каза тапты

Автор -

Ош шаарында унаа жуучу жайда иштеген 16 жаштагы окуучу каза болду. Окуя 10-ноябрда орун алганын Шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-ноябрда саат 03:30 чамасында ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө «Тез жардам» кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда Жапалак унаа базарындагы унаа жуучу жайдан жансыз дене табылганы маалымдалган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун аты-жөнү такталган.

[ads-quote-center cite=’деди басма сөз кызматынан.’]«Ал Ноокат районунун Кеңеш айылынын 2003-жылы туулган А.Т. аттуу тургуну болгон. Маркум 11-класста окуп жаткан. Каза болгон баланын ата-энеси уулу биринчи чейрек аяктап, каникул башталганда акча таап келүү үчүн Ош шаарына кеткенин айтышкан. Маркумдун ата-энеси соттук-медициналык экспертиза жасатуудан баш тартышты. Бул окуя боюнча тергөө иштери улантылып жатат», [/ads-quote-center]