КР экс-консулу Сопоковдун Айеркен Саймаити менен эмне байланышы болгон? (видео)

Автор -

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Ширин Айтматова кезектеги кайрылуусун жарыялады. Тасма «Үмүт-2020» элдик кыймылынын YouTube-каналында коюлду.

Тасмада Түркияда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаити менен Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку консулу Эркин Сопоковдун байланышы тууралуу айтылат.

Эскерте кетсек, 12-ноябрда Тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү таратып, Айеркен Саймаитинин жанынан табылган унаасы Эркин Сопоковго таандык экенин маалымдаган.

«2019-жылдын октябрь айынын аягында Сопоков каттоодон чыгаруу процедурасын жана дипломаттык номерди кайтаруу боюнча эрежени бузуп, Range Rover унаасын «Рамадан туризм» автосалонуна сатуу үчүн тапшырган. Сопоков Саймаити каза болгон жерде консулдук номерлүү унаа кандайча болуп калгандыгын түшүндүрүп бере алган жок»,
-деп билдирген ТИМ.

Ошол эле убакта өлкөнүн ИИМ издөөдө жүргөн кытай жараны Саймаити Кыргыз Республикасынын жараны, 1982-жылы туулган Саматов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген паспорттор менен колдонуп жүргөнүн кабарлаган.

Тынчтыкбек Чоротегин «Азаттык» сайтындагы өз блогунда Айеркен Саймаитинин аты Эркин Самат экенин жазат.

«Эмнеге башкы консул Сопоков өзүнүн унаасын дал ошол «Рамадан туризм» фирмасына берген? Жана Айеркен Саймаитинин «Рамадан туризмге» кандай тиешеси бар?» — деп суроо салат Ширин Айтматова.

Сопоков, Айеркен Саймаити жана «Рамадан туризм» фирмасынын байланышын түшүнүү үчүн «Үмүт-2020»кыймылынын журналисттери иликтөө жүргүзүшкөн.

Ал иликтөөнүн жыйынтыгы эмнеге алып келгенин төмөнкү тасмадан көрүңүздөр:

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү