Кар жаап, катуу шамал согот. Алдыдагы күндөрдө аба ырайы бузулушу күтүлүүдө

Автор -

Бүгүн, 18-ноябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул туурасында өлкөнүн ӨКМ билдирди.

19-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 19-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

20-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 20-ноябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт.

21-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-ноябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

22-ноябрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү