Бишкек ШИИББ жоголгон документтер табылганын маалымдады

Автор -
261

Бишкек ШИИББи Башкы прокуратуранын шаардык милицияда 20 кылмыш ишинин документи жоголуп кетти деп тараткан билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Анда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы «жоголду» делинген 21 кылмыш ишин таап, тийиштүү бөлүмгө өткөрүп бергени айтылат.

[ads-quote-center cite=’деп билдирет басма сөз кызматынан.’]«Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы кызматтык текшерүү жүргүздү. Анда жоголду делинген документтер 1998-жылдан 2007-жылга чейинки мезгилдеги кылмыш иштери болгон. Жүргүзүлгөн кызматтык текшерүүнүн натыйжасында, юридикалык баа берүү үчүн аталган материалдар көзөмөлдөө органына жөнөтүлдү», [/ads-quote-center]

Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Бишкек ШИИБдин бөлүмдөрү тарабынан козголгон 20 кылмыш ишинин документтери жоголуп кеткен фактыны аныктап, «Шалаакылык» беренеси менен иш ачкан.