Аңчы инисин жараланган бугу менен алмаштырып, атып алды

Автор -

Мичиган штатындагы(АКШ) Саранак кыштагында жергиликтүү тургун инисин жараланган бугу менен алмаштырып, атып алды. Бул тууралуу M Live сайты жазып чыкты.

Эки бир тууган 16-ноябрь күнү Айония округунда аңчылык кылып жүрушкөн. Алар бугуну жарадар кылып, жаныбар алардан качып, жүгөрү талаага кирип кеткен. Америкалык жарандар аны батыраак табуу үчүн экиге бөлүнүп издеп жөнөшкөн.

29 жаштагы аңчы жүгөрүнүн арасынан шыбырт угуп, аны өзү издеп жүргөн бугу деп ойлоп, ок чыгарган. Көрсө, ал өз инисин атыптыр.

Муну түшүнгөн соң дароо куткаруу кызматына чалган. Жерине келген дарыгерлер 28 жаштагы жаранга медициналык жардам көрсөтүштү. Ооруканага тик учак менен жеткирилген жарандын абалы оор бойдон калууда.

Окуяны иликтеп чыккан полиция кызматкерлери кокустук катары баалашты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү