Он айда гепатит дартына чалдыккандардын саны 6,5 миңден ашты

Автор -

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда он айда гепатитти 6600 киши жугузуп алган. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 10,2% төмөн, деп жазат «Азаттык».

Алардын 94% жакыны илдеттин А түрүнө кабылгандар. Өткөн жылдын ушул маалында вирустук гепатиттердин 7200 учуру катталган.

Гепатит дарты боорду жабыркатып, адамды алсыратат. Жалпы катталгандардын басымдуу бөлүгүн 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Министрликтин маалыматы боюнча, вирустук гепатит «А» оорусунун булагы оорулуу адам болот. Оору турмуш-тиричиликтеги катнаш, байланыш жолу менен тазалык сакталбаган учурларда, кир кол, кир суу, ошондой эле тамак-аш азыктары аркылуу жугушу мүмкүн. Оору сезондук мүнөздө болуп, негизинен жогорку көрсөткүчтөр күз-кыш мезгилинде катталат.

Медициналык жол менен же таза эмес ийне аркылуу дүйнөдө жыл сайын 2 миллионго чукул кишиге гепатиттин В, С жана D түрлөрү жугат.

Гепатиттин вирусу оңой менен өлбөйт, айрым дезинфекциялоочу заттарга туруштук бере алат. Аны дарылоо узак убакытты талап кылат.

Республика боюнча он ай аралыгында инфекциялык көзөмөл боюнча 3800 пландуу текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча 511 адамга административдик чаралар колдонулду. 1,5 млн. сомго жакын айып салынды. Төрт уюмдун иши убактылуу токтотулду, 1967 санитардык жактан көрсөтмөлөр берилип, 37 адам эскертүү алган.

Бөлүшүү