ТИМ: Кыргызстандык жыйырма жети студент Сянгандан учуп чыкты

Автор -

Гонконгдо окуп жаткан кыргызстандык студенттердин айрымдары мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта Кыргыз Республикасынын Кытайдагы Элчилигинин жана Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдугунун аракеттеринин аркасында 18-19-ноябрь күндөрү «Гонконг-Алматы-Бишкек» жана «Гонконг-Москва-Бишкек» каттамы менен 27 кыргызстандык студент Сянган шаарынан учуп чыкканы айтылат.

«Аларды аэропортко чейин жеткирүү акысы Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдугунун кызматкерлеринин жеке каражатынан төлөндү. Калган студенттер 21-22-ноябрь күндөрү жөнөтүлөт», — деп билдиришти ТИМ Маалымат департаментинен.

Эске салсак, Гонконгдо бир канча айдан бери нааразычылык акциясы өтүп жаткандыктан, ал жактагы кыргыз студенттердин ата-энелери президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, балдарын Кыргызстанга алып келүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Алар башка өлкөлөр Кытайда окуп жаткан студенттерин тездетилген тартипте алып чыгып кетип жатышканын айтып, Кыргызстандын ТИМи эч чара көрбөй жатканын билдиришкен.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү