«Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев Салык кызматынан өзү негиздөөчүлөрүнүн бири болгон 33 фирманы жашырып койгон. Баардык компаниялар Кыргызстандын аймагында каттоого алынган. Айрымдарында ал жетекчи катары дагы деле катталып турат. Бул тууралуу Economist.kg билдирди.
Кубанычбек Жумалиев ар кайсыл жылдары Унаа жана жолдор министрлигинде жана өкмөттө башчы болуп турган. «Расмий маалымат боюнча, ал айына 47 миңден 84 миң сомго чейин каражат табат. Мындай сандар 2015-2016-жылдар үчүн депутаттын салык декларациясында көрсөтүлгөн», — деп жазылат ЖМКда.
Басылманын маалыматына ылайык, Кубанычбек Жумалиев депутат болуп турганда болгону 2 декларация берген (2015,2016). 2017-жылы маалымат берген эмес.
Декларацияда ал расмий айлыгын, 507 чарчы метрлик үйүн, 316 чарчы метрлик батирин жана унаасын көрсөткөн. Туугандарында 1 миң 242 чарчы метрлик үйү жана 2007-жылы чыккан «Ауди» унаасы бар экени айтылат.
Кубанычбек Жумалиев 33 фирмада үлүшү бар экенин көрсөткөн эмес. Бирок, бул маалымат Адилет министрлигинин ачык базасында жана OsOO.kg сервисинде бар.
«Жумалиев жогорку мамлекеттик кызматка 90-жылдын башында эле келген, болгону 2005-жылдан 2015-жылга чейин тыныгуу болду. Бул аралыкта ал Улуттук Илимдер Академиясында илимий ишмердүүлүк менен алектенди. Мамлекеттик кызматта иштеп жаткан маалда ал 33 фирманын ичинен 11 фирмасын ачканга үлгүрдү. Анын 8и азыркы чакырылыштагы депутат болгондо ачылган», — дейт басылма.
12 компания депутат өзү катталган даректе каттоого алынган. Дагы 6 компания Анкара 1/17 дарегинде катталуу. Ал жакта Эл аралык медициналык университет орун алган.
Эске салсак, дал ушул университеттин айланасында былтыр чуу жаралган. Анда Кубанычбек Жумалиевдин жубайы, ырчы Роза Аманова окуу жайдын жетекчиси болуп дайындалган эле. «Анын артында дагы ар кыл багыттагы 15 фирма катталуу. Бул тууралуу өзүнчө макала болот. Анткени алар тууралуу депутаттын декларациясында жазылган эмес. Салык декларациясында Роза Аманова депутаттын жакын тууганы статусуна ээ», — деп билдирет Economist.kg.