Бишкекте жолдон өтүп бараткан балдарды унаа сүзүп кетти

Автор -

Бишкекте «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа жолдон өтүп бараткан эки өспүрүмдү коюп кетти. Бул тууралуу Saat.kg сайтына күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 20-ноябрда саат 19:00 чамасында Ш.Руставели-Айни көчөлөрүнүн кесилишинде болду.

«Балдар болжол менен 13-14 жашта. Адамдар тез эле топтолуп, жерине милиция, «Тез жардам» кызматы чакырылды. Бирөөсү катуу жаракат алды окшойт, чыңырып ыйлап жатты. Унаа айдоочусу кырсык болгон жерден качкан жок. Милиция кызматкерлери бат эле келишти. 10-15 мүнөттөн кийин «Тез жардам» кызматы келип, ооруканага алып кетти», -деп билдирди күбө.

Ал ошондой эле, айтылган жерде атайын белги турса да, көпчүлүк айдоочулар жөө жүргүнчүлөргө жол бербей, катуу айдап өтүшөөрүн кошумчалады.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү