Ошто отун араалап жаткан киши бензопилага кесилип, каза тапты

Автор -

Ош шаарында отун араалап жаткан киши тайып жыгылып, бензопила денесин кесип, каза болду. Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрь күнү саат 12:30 чамасында «Тез жардам» кызматынан Ош ШИИБине маалымат түшкөн. Анда 62 жаштагы киши отун араалап жатып кырсыктаганы айтылган. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук деп катталган. Маркумду туугандары соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү