Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагында турак үйдүн чатыры өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 19-ноябрь күнү саат 17:52де Султан-Абад айылында болгон. Нурахунов көчөсү №407 дарегинде жайгашкан 2 турак үйдүн ортосундагы чатырдан өрт чыгып, биринчи үйдүн бөлмөсүнүн жалпы 15 чарчы метр аянты, экинчи үйдүн 23 чарчы метр чатыры күйгөн. Ошондой эле Нурахунов көчөсүндө жайгашкан №409-Б үйүнө да өрт өтүп, 240 чарчы метр чатыры күйгөн. Жабыркагандар жок.
Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 18:38де чектөөгө алынып, саат 19:52де толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгым жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.