Шаардык милиция «Чыгыш-5» кичирайонундагы мушташтын катышуучуларын издөөдө

Автор -

Бишкектин «Чыгыш-5» кичи районундагы эс алуу жайларынын биринин алдында балдардын мушташы орун алды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрга караган түнү патрулдук милицияга балдардын мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер эч кимди тапкан эмес. Бирок жакын жайгашкан үйлөрдүн жанынан 23 жаштагы К.И. аттуу жарандын жаракат алып жатканын көрүшкөн.

«Жаракат алган жаран Улуттук госпиталга жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан мушташка катышкан жарандар изделип жатат», — деп жазылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү