Бишкекте 46 жаштагы аял 3 эм төрөдү

Автор -

Бишкектеги №4 перинаталдык борбордо 3 эм жарыкка келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

46 жаштагы Айнура Жайнакова 2 кыз (1 килограмм 750 грамм жана 1 килограмм 270 грамм) жана 1 уулду (1 килограмм 450 грамм) жарыкка алып келди. Дарыгерлер эненин абалы жакшы экендигин жана балдары убактылуу жаңы төрөлгөн ымыркайларга ылайыкталган бөлүмдө жатканын айтышты.

Үч эм менен энесинен Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуратова менен Октябрь акимиатынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Зарема Өмүрзакова кабар алып кетишти.

Мэриядан Жайнакованын өспүрүм курактагы эки уулу бар экенин кошумчалашты.