Москвада мекендештерин өлтүрүүгө шектелген кыргыз жараны кармалды

Автор -

Орусияда оор кылмышка шектелип жаткан жаран Ош шаарында кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ноябрь айында Араван районунун жашоочусу белгисиз адамдар андан акча талап кылып жатканын айтып укук коргоо органына арызданган.

«Кылмышкерлер Араван районунун жашоочусун сабап, коркутуу жолу менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө опузалаган адамдардын биринин аты-жөнү такталып, Ош облусунун Өзгөн районунун бир нече жолу соттолгон 37 жаштагы жашоочусу кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

А. Дайнаев Москвадагы «Люблино» метросундагы станциядан эки кыргыз жаранды уурдап кетүүгө дагы шектелген. Кийинчерээк алардын сөөгү табылып, кыйнап өлтүрүлгөнү маалым болгон. Орусиянын укук коргоочулары шектүүнү колго түшүрүү үчүн мамлекеттер аралык издөө жарыялаган. Азыркы учурда соттун чечими менен шектүүгө карата соттун чечими менен абакка камоо боюнча бөгөт чарасы тандалган», — деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү