2019-жылдын 21-ноябрынан 24-ноябрына чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, өлкө аймагында 21-24-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 21-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
21-27-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону ошондой эле катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:
- ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көңүл буруу;
- тоолуу унаа жолдорунда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
— кышкы дөңгөлөктөргө өтүү; - күрөкчө, чынжырча, аптечка, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттар болуусу зарыл.
Өзгөчө кырдаал жаралса, 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.