Санкт-Петербург шаарында теракт уюштурууга шектүү катары кармалган Аброр Азимов Кыргызстандын жараны эмес. Мындай эскертүүнү өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги жасады.
Мекеменин айтымында, айрым ЖМКлар айыпталуучуну кыргызстандык жаран катары көрсөтүп жазып жатышат.
«Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги 2017-жылдын 3-апрелинде Санкт-Петербург шаарындагы метродо теракты уюштурууга күнөөлүү катары табылган Аброр Азимов Кыргыз Республикасынын жараны эмес экендигин эскертет жана ошого байланыштуу, бардык ЖМКды мындай мүнөздөгү маалымат берүүдө реалдуу жарандыгын белгилөө менен так болууга чакырат», -деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, дүйшөмдү күнү прокурорлор кылмыш ишинде фигурант катары өтүп жаткан 11 кишинин төртөөсүн өмүр бою эркинен ажыратууну суранган. Алар − Аброр жана Акрам Азимовдор менен Мухамадюсуп жана Ибрагим Эрматовдор.
2017-жылдын 3-апрелинде жан кечти Акбаржон Жалилов өзүн метродо жардырып жиберген. Кесепетинде өзүн кошкондо 16 адам каза таап, 66 киши жаракат алган. Дагы бир колго жасалган бомба табылып, аны зыянсыздандырганга жетишип калышкан.