«Клооптун» редактору: Матраимовго кылмыш ишин козгоо үчүн бир гана факты жетиштүү

Автор -

Райымбек Матраимовго мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш ишин козгоо үчүн бир гана факты жетиштүү. Бул тууралуу «Клооптун» башкы редактору Элдияр Артыкбаев социалдык тармактагы баракчасында жазып чыкты.

«Жакында эле Салык кызматы анын 2017-жылкы салык декларациясын жарыялады го. Ал жакта дагы Дубайдагы кыймылсыз мүлкү көрсөтүлбөптүр. Кедейдин кедейи тим эле!

Ал жерде эмне көрсөтүлүшү керек эле:
— Jumeirah Village Circle районундагы эки жер тилкеси, алардын биринде Абдукадырдын бир тууганы Маймаитили Хадир менен бирге беш кабаттуу мультифункционалдуу комплекс куруп жатат (баса, биз ал жакта болдук).
— Jumeirah Beach Residence районундагы элиттик комплекстеги бир батири. Ал комплекс «Дүйнөлүк элиталар үчүн жолугушчу жер» деп аталат экен.

Мына ушул 3 кыймылсыз мүлктү алууга аз дегенде 12 млн доллар кеткен. Кененирээк бул жакта: http://bit.ly/raimdubai

Бул акчалар кайдан келген, дос? Биз го кайдан келгенин билебиз, бирок бул суроо расмий деңгээлде берилиши керек —  башкы прокурордун, каржы полиция жетекчисинин, ички иштер министринин оозунан чыгышы керек. Бул мекемелердеги жогорку кызматтарда отурган адамдар Райым менен байланышы бар экенин түшүнүп турам, бирок келгиле баарыбыз Ли Куан Юнун мисалында,  коррупцияны жеңиш үчүн 3 досуңду камаш керек экенин эстейбиз. Мына эми, Райымдан баштагыла, бул досуңарды сактай албай калдыңар»,- деп жазат Артыкбаев.

Буга чейин Райымбек Матраимовдун Дубайдагы мүлктөрү тууралуу иликтөө чыккан эле.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү