Россияда трасса четинен кыргыз жаранынын сөөгү табылды

Автор -

Орусиянын Ленинград облусундагы федералдык трассада кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрда Санкт-Петербург — Москва федералдык трассасынын четинде мигранттын жансыз денеси табылган. Маркум желкесинен жаракат алган. Анын жанында ичинде жүгү жок КамАЗ токтотулган.

«Мегаполис» басылмасынын маалыматына ылайык, маркум 34 жашта болгон. Ал бир нече ай мурда Кыргызстандан Орусияга келип, Ленинграддагы Ушаки айылында жашап жатканы айтылат. Полиция бул окуя боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы маалымдалды.

 

Бөлүшүү