УКМК: «Азаттыктын» иликтөөсү териштирилет

Автор -

«Азаттык», Kloop жана OCCRP тарабынан иликтенген маалыматты ведомстволор аралык тергөө тобу иликтейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, журналисттик иликтөө «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча кылмыш ишинин козголушуна негиз болду.

«24-ноябрда сотко чейинки өндүрүш уюму  УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган. Ошол эле күнү ведомстволор аралык тергөө тобу (УКМК, ИИМ, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы) түзүлүп, керектүү тергөө аракеттери башталды. Ар тараптуу жана адилеттүү иликтөө максатында аталган факты тууралуу маалыматы болгон жарандардын баардыгынын катышуусунда тергөө аракеттери жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү