Германиянын Дрезден шаарында белгисиздер «Жашыл саябан» деп аталган дүйнөгө белгилүү байыркы зер буюмдар музейин тоноп кетишти. Бул туурасында Bild гезити кабарлады.
Уурулар музей жайгашкан Дрезден сепилине 25-ноябрдын таңында кирип, зер буюмдарды алып кетишкен. Чыгым болжол менен миллиад еврого бааланууда.
Калаанын криминалдык полициясынын башчысы шек саналган эки киши видеокөзөмөл камерасына түшүп калганын билдирди. Тек-жайы тактала элек. Алар терезедеги торду бузуп, айнекти талкалап киришкен. Тартип сакчылары шек саналгандар музейге минип келген машинени издөөгө алды.
«Жашыл саябан» — Европадагы Ренессанстан классицизмге чейинки доорду камтыган зер буюмдардын эң бай коллекцияларынын бири. 1724-жылы аны биринчи жолу тематикалык коллекцияларга бөлүшкөн. Ошондой бери казына музей катары иштеп келген.