Депутаттар Карамушкинанын импичмент тууралуу сунушун колдошкон жок (видео)

Автор -

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Түркияда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү, өлкөдөн чыгарылган миллиондор, аткезчилик маселеси боюнча башкы прокурордун маалыматын угууну сунуш кылды. Эл өкүлү бул күмөндүү жагдайлар президентке импичмент жарыялоо маселесине алып келерин билдирди.

[ads-quote-center cite=’деди депутат.’]«Маселе аябай көп болуп жатат жана мунун баары бизди президентке импичмент жарыялоо, ишеним көрсөтпөө тууралуу талкуулоого алып баратат. Анткени мунун бардыгы биздин жогорку бийликтин тымызын көзөмөлү менен болуп жатат деп ишенем. Ошондуктан мен башкы прокурорду угуп, эмне болуп жатканын, эмне үчүн эл аралык иликтөөлөрдө башкача айтылууда, бизде болсо баары жайында, аткезчилик жок деп олтурабыз — ошону сурайлы», [/ads-quote-center]

Депутат Улан Примов президент Сооронбай Жээнбековго импичпент жарыялоо маселесин козгогонго эч кандай негиз жок экенин, ал жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес экенин билдирди. Ал мамлекет башчысы өзүнүн конституциялык укуктарын пайдаланып, өз милдетин так аткарып жатканын кошумчалады.

Эл өкүлдөрү Азамат Арапбаев, Алмазбек Токторов импичмент жөнүндө ойлорго кошулбай турганын айтышты.