«Өкмөттү жамандаган маалыматтарды тараткан». УКМК соцтармак колдонуучусун кармады

Автор -

Аймактар аралык касташууну козуткан социалдык тармактардын колдонуучусу кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 24-ноябрында УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу «А.Ж.» кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

«Такталгандай «А.Ж.» жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаратылып, бири-бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан».
УКМК

2019-жылдын 25-ноябрында ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (аймактар аралык касташууну козутуу) боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген. Тергөө жүрүп жатат.

Бөлүшүү